Статистикалык органдардын ишинин жыйынтыгы борбор калаада жана Чүй облусунда каралды

Publications: 27.01.2023


Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун статистикалык башкармалыктарында Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун катышуусу менен 2022-жылдын жыйынтыктарына арналган коллегиянын отуруму болуп өттү.

Бишкек шаардык статистика башкармалыгында болуп өткөн коллегиянын жүрүшүндө катышуучулар өткөн жылы борбор калаанын аймагында статистикалык эсепке алууну жакшыртуу боюнча ишмердүүлүк тууралуу айтып беришти жана үстүбүздөгү жылга карата милдеттерди аныкташты.

Чүй облустук статистика башкармалыгынын жыйынында 2022-жылы облустун аймагында эл жана турак жай фондун каттоо мобилдик тиркемени колдонуу менен өткөрүлгөн жыйынтыктар каралды. Бул кененирээк маалымат алууга гана эмес, ошол эле учурда маалымат алуу жол-жобосунун ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк бергени баса белгиленди.


Last updating: 27.01.2023, 14:53