Улутстатком БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун колдоосу менен административдик маалыматтардын сапатын жогорулатуу боюнча семинар өткөрдү

Publications: 11.11.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен кызматташтыкта, санариптештирүүнү киргизүү жана административдик маалыматтарды алуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын (ВЭӨС) колдонуу аркылуу калктын табигый кыймылы жана миграция жөнүндө администрациялык маалыматтардын сапатын жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү үчүн семинар өткөрдү.

Семинарга Улутстаткомдун, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери катышышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар административдик маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча мыйзамдык база жөнүндө, ошондой эле калктын табигый кыймылы жана миграция боюнча маалыматтарга тиешелүү болгон Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык системаларындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле «Түндүк»  ВЭӨС колдонуу аркылуу алынган административдик маалыматтардын сапаты жана толуктугу жана калктын регистринин негизинде статистиканы өндүрүүнүн норвегиялык системасынын тажрыйбасы тууралуу маалымат маселелери талкууланды.

Семинардын негизги максаттары «Түндүк» ВЭӨСке ийгиликтүү киргизүү жана калктын табигый кыймылы жана миграция боюнча маалыматтарды пайдалануу максатында Улуттук статистика системасынын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле административдик маалыматтарды өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо болуп саналат.

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 14.11.2022, 10:48