Улутстатком мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин санына эсеп жүргүздү

Publications: 30.03.2016


Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин жалпы саны тууралуу маалыматтар Улутстатком тарабынан өз алдынча мекемелер (юридикалык жак укугуна ээ), уюмдар жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринде (СББМР) мамлекеттик башкаруу органы катары катталган ЖӨБ органдары тарабынан берилген статистикалык байкоолордун материалдары боюнча даярдалды. Маалымат коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин саны кошулбастан иштелип чыкты.

2016-жылдын 1-январына карата мамлекеттик органдарда иштеген адамдардын саны 31 миңден ашык адамды түздү, алардын жарымынан ашыгы мамлекеттик кызматкерлер. Алардын саны өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырганда 2,1 пайызга өстү. Мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын 40 пайыздан ашыгын аялдар түзөт.  

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендердин саны 10 миң адамды түздү, алардын үчтөн бирине жакыны - аялдар.

 

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгы

 e-mail: jailobaeva@stat.kg;                          тел. + 996 (312) 626076

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 30.03.2016, 14:16