Улутстатком өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу үчүн анык маалыматтарды колдонууга көмөк көрсөтүүдө эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экендигин билдирди

Publications: 01.03.2022


Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Дүйнөлүк банктын, Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен жакынкы убакытта ишке ашырууга пландаштырылган экономикалык өнүктүрүү максатындагы натыйжалуу башкаруу программасынын алкагындагы Техникалык колдоо көрсөтүү долбоорунун максаттарын жана милдеттерин талкуулоо үчүн өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.  

Долбоордун максаты региондук өнүктүрүү жана локалдык маалыматтарды башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун бекемдөө, ошондой эле акча-кредиттик саясатты талдоону жана болжолдоону өркүндөтүү чөйрөсүндөгү экономикалык саясаттын натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачык-айкындуулугун көтөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле башка башкы министрликтердин жана ведомстволордун анык маалыматтарды пайдалануусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Улутстаткомдун төрагасы бул долбоордун Улутстатком үчүн маанилүү экендигин айтып, Дүйнөлүк банк жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигинин командасы менен активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Төрага «Улутстатком эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө саясаттын натыйжалуу түзүлүшүн бекемдөө жана региондук жана жергиликтүү деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуу үчүн жогорку сапаттагы маалыматтарды иштеп чыгууда кызматташтыктын кийинки кадамдарын аныктоого даяр»,- деп баса белгиледи. Ошону менен бирге ал бул Долбоордун алкагында региондордун өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү тутумун автоматташтырууга жана региондук жана муниципалдык статистиканы жүргүзүү үчүн ишенимдүү негиз түзүүгө колдоо көрсөтүлөрүнө ишене тургандыгын билдирди.

Дүйнөлүк банк жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү Долбоор жана аны жүзөгө ашыруунун кийинки пландары жөнүндө кеңири маалымат беришип, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти.


Last updating: 01.03.2022, 11:25