Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санынын өсүүсү белгиленди

Publications: 15.03.2016


Республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны беш жыл ичинде 2011-ж. 741ден 2015-ж. 1186га чейин өстү, ушул эле мезгилде 1,6 эсеге көбөйдү. Аларда билим алган балдардын саны ушул эле мезгилде 1,6 эсеге көбөйүп, 161 миң адамга жетти. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санынын өсүүсү акыркы жылдары республиканын айрым региондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн коомдук бала бакчалардын ачылышынын, ошондой эле эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган балдарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын реконструкциялоонун эсебинен камсыздалды.

Муну менен бирге дээрлик бардык региондордо мектепке чейинки билим берүү уюмдарында алардын жайгашкан жерлеринин ченемдик санына муктаждыктын жогорулашы белгиленди. Эгерде жалпы республика боюнча 2011-ж. 100 орунга эсептегенде балдардын саны 112 адамды түзсө, анда 2015-ж. – 128 адамды түзгөн. Муну менен бирге көп ченемде шаардык мектепке чейинки билим берүү уюмдары – 100 орунга 154 бала толтурулду, ошол эле убакта айылдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы бул көрсөткүч 107 баланы түздү.

.

____________________________________________________________________________________

Социалдык статистика        |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 32 46 52                                    

бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 15.03.2016, 16:38