Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо – 2022 алкагында алгачкы адамдар каттоого алынышты

Publications: 25.03.2022


2022-жылдын 25-мартында саат 00:00до “Манас” жана “Ош” Эл аралык аэропортторунда Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо – 2022 өнөктүгү башталды. Каттоо маалында аэропорттордо башка өлкөгө кетип жатышкан жарандар убактылуу каттоочулар тарабынан каттоого алынды.

Чет өлкөгө чыгып жатышкан жарандар өзүнө жети суроону камтыган атайын формада каттоого алынышты.

“Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Биринчи каттоого алынган респонденттерди куттуктап, белектерди тапшырды.

          

          

          

          

          

 

 

 

 


Last updating: 25.03.2022, 09:16