Алгачкылардан болуп өлкөбүздө эл жана турак-жай фондду каттоо өнөктүгү Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында аяктады

Publications: 03.04.2022


Кечээ, 2022-жылдын 2-апрелинде эл жана турак-жай фондун каттоо өнөктүгү Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында аяктады.

Бүгүн, 3-апрелде калган облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында каттоо иштери аяктайт.

Эске сала кетсек, андан кийин үч күн бою, 4-6-апрелде контролдук каттоо  өтөт. Андыктан, каттоого өз учурунда кандайдыр бир себептерден улам алынбай калган үй-чарбалардын мүчөлөрү контролдук каттоо маалында каттоого алынат.

2022-жылдын 25-мартынан 3-апрель аралыгында өткөрүлгөн каттоо өлкөбүздүн бардык аймактарын камтыды.

Ал эми алыскы аймактардагы эл каттоо өнөктүгү ушул эле жылдын 23-апрелден 2-май аралыгында өткөрүлөт.

Эл каттоонун толук кандуу түрдө жыйынтыгы өтүп бара жаткан жылдын аягына чейин аныкталат. Бул жыйынтыктоочу этап болуп саналып, анда Улутстатком тарабынан каттоодон алынган материалдарды  талдоо, иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын жайылтуу иш-чаралары аткарылат.

                                                                                          


Last updating: 03.04.2022, 17:19