2022-жылдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 7 пайызды түздү

Publications: 13.01.2023


2022-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукт алдын-ала баалоолор боюнча 919 млрд. ашык сомду түздү жана 2021-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 7,0 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                      

2022-жылдын январь-декабрь айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 426 миллиард сомго жакындады жана негизги металлдарды (21,5 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын чыгаруунун, полиграфиялык ишмердиктин (27,0 пайызга), мунай азыктарын (12,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11,1 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (7,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8,2 пайызга) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 2021-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 11,4 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү - 8,0 пайызды, айыл чарбасында - 7,3 пайызды, дүң жана чекене соодада 7,5 пайызды түздү.

2022-жылдын январь-декабрь айларында (2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 14,7 пайызды түздү. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына - 24,4 пайызга, тамак-аш азыктары 

жана алкоголсуз суусундуктарга - 15,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 12,7 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 9,1 пайызга өстү.  

Өткөн жылдын январь-декабрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (18,4 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын өсүшү (43,3 пайызга) менен шартталды.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 40,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 22,4 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,7 эсеге көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 4,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 36,2 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,9 эсеге, ал эми импорттук келип түшүүлөр 1,2 эсеге көбөйдү.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8 пайыз) жана Казакстанга (25,9 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

          Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар:

1.ЖАШОО МИНИМУМУ

2.2022-жылдын керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүлүшү

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Last updating: 13.01.2023, 16:58