2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканаларынын 65%га жакыны пайда алышты

Publications: 24.08.2023


2023-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 640 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 601 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

2023-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32%га көбөйүү менен 61 млрд. сомду түздү, бул коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Финансы секторунун уюмдарынын жалпы чыгымдары 37%га көбөйүп, 38 млрд. сомго жакынды түздү.

I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
(млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2022

2023

2022

2023

2022

2023

Бардыгы

46 120,0

61 001,3

27 691,2

37 868,4

18 418,1

23 146,9

Банктар

40 433,2

53 047,3

23 524,0

32 187,9

16 899,7

20 872,6

Күрөөканалар

443,5

773,5

279,0

558,5

163,3

215,0

Кредиттик союздар

118,0

103,1

83,4

80,5

34,6

22,5

Микрокредиттик уюмдар

3 936,2

5 252,2

2 743,1

3 502,5

1 193,0

1 750,6

Камсыздандыруу уюмдар

1 164,5

1 800,9

1 040,6

1 523,4

123,9

277,5

Башка уюмдар

24,6

24,3

21,1

15,6

3,6

8,7

2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 64,5%ы пайда алышты, ал эми 15,6%ы - чыгаша тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 23,1 млрд. сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу төртөн бирне (же 4,7 млрд. сомго) көп. Негизинен пайданын өсүшү коммерциялык банктар жана микрокредиттик уюмдар тарабынан камсыздалды.

2023-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 266 миллиарддан ашык сомду түздү. Кредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 86%ы банк секторуна, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна - 14%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25,7%ы), керектөө муктаждыктары (21,7%ы), айыл чарба (18,8%ы), ипотека (10,4%ы), курулуш (5,6%ы) жана өнөр жай (5,2%ы) болуп саналды.

__________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү           |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;          |тел. + 996 (312) 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 24.08.2023, 09:03