Үстүбүздөгү жылдын январь-майындагы жыйынтык боюнча экономикадагы өсүү тенденциясы сакталууда

Publications: 13.06.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 270 миллиарддан ашык  сомду түздү жана 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 5,7 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ИДПнын көлөмү 250 миллиарддан ашык сомду түздү жана 3,7 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-май  айларында 150 миллиардан ашык  сомду түздү жана өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 11,1 пайызга жогорулады, буга себеп жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (30,3 пайызга), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо (29,7 пайызга), мунай заттардын (16,8 пайызга), ), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (10,5 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (3,5 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (7,9 пайызга)  өсүшү таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 3,1 пайызга, айыл чарбасында - 2,2 пайызга, дүң жана чекене соода – 8,8 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын майында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 0,3 пайызды түздү. Муну менен бирге азык - түлүк эмес товарларга баалар 0,6 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,5 пайызга өстү. Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын (0,9 пайызга) төмөндөшү катталды. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери өткөн айдын деңгээлинде сакталып калды.

Үстүбүздөгү жылдын майында эң жогорку деңгээлде кой этине (5.2 пайызга), жаңы жемиштер (4,2 пайызга), ун (3,0 пайызга) кант (2,5 пайызга), нан (1,6 пайызга), каймак май (0,8 пайызга) баалар жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын майында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы Ош шаарын кошпогондо, республиканын бардык региондорунда белгиленди, мында алардын 0,1 пайызга төмөндөшү белгиленди. Муну менен бирге баалардын (2,0 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленди.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель айларында 3,0 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 43,3 пайызга көбөйдү, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 14,3 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,6 эсе жогорулады.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-апрелинде 1,1 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-апрелине салыштырганда 16,3 пайызга өстү. Муну менен бирге  экспорттук жөнөтүүлөр 26,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 13,3 пайызга жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-апрель айларында Орусияга (67,7 пайызга) жана Казакстанга (30,4 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт

________________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Last updating: 13.06.2022, 14:13