2015-жылдын январь-августунда негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын алдын-ала жыйынтыгы чыгарылды

Publications: 11.09.2015


Негизги капиталга өздөштүрүлгөн  инвестициянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-августунда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 53,5 млрд. сомду түзүп 5,2 пайызга өстү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 7,2 пайызга (анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен – 3,3 эсеге, республикалык бюджеттин эсебинен – 1,7 эсеге, калктын каражатынын эсебинен – 1,4 эсеге) өстү, тышкы булактардын эсебинен тескерисинче 1,1 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмдүн 71,8 пайызы) пайдалуу кендерди казуу объекттерине, иштетүү өндүрүшүнө жана турак жай курулушуна багытталган.

474,2 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, өткөн жылдын тийиштіі мезгилинин деңгээлине караганда 94,5 пайыз.

_____________________________________________________________________________________________________

 

Курулуш жана инвестиция      |        e-mail:birukova@stat.kg;        |            тел. + 996 (312) 324642

       статистикасы бөлүмү

 

Статистикалыкмаалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 11.09.2015, 11:58