Статистикалык маалыматтарды пайдалануучулардын сурамжылоосунун жыйынтыгы чыгарылды

Publications: 09.02.2016


Улутстаткомдун Башкы эсептөө борборунун маркетинг жана пайдалануучулар менен иштөө бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 21-октябрында статистикалык маалыматтарды пайдалануучулардын сурамжылоосу жүргүзүлдү. Сурамжылоонун максаты пайдалануучулардын керектөөлөрү жана каалоолору, алардын Улутстаткомдун расмий басылмалардагы жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдөгү кызыгуу даражасы жөнүндө актуалдуу маалыматтарды алуу болуп саналат. Сурамжылоого 87 адам - жогорку жайлардын окутуучулары, студенттер, журналисттер, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери, жеке адамдар катышты. Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй статистикалык басылмаларга эң көп илимий кызматкерлер, окутуучулар жана студенттер (48%) кызыгышат, респонденттер (73%) электрондук түрдөгү статистикалык маалыматтарды алууну каалагандарын билдиришти, респонденттер (48%) статистикалык продукцияга болгон баалар алгылыктуу деп эсептешет, көпчүлүк пайдалануучулар (83%) статистикалык басылмаларды мындан ары да алууга кызыгууларын билдиришти. Ошентип статистикалык продукцияларды пайдалануучулар тарабынан Улутстатком менен активдүү кызматташууга тенденция табылды. Муну менен бирге бир катар пайдалануучулар басылмалардагы керектүү маалыматтардын жетишсиздигин, чыгуунун өз убагында эместигин жана басма материалынын сапатын белгилешти.

 

                                                                                                                                     e-mail:a.satyvaldieva@stat.kg

                                                                                                                                      тел:32-45-18


Last updating: 09.02.2016, 17:25