2019-жылы экономиканын финансылык секторунун ишканаларынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү

Publications: 15.04.2020


     Экономиканын финансылык секторунда 2019-ж. 656 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 24 коммерциалык банк, 608 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 17 камсыздандыруу компаниясы, 6 инвестициялык фонд иш жүргүздү.
     Экономиканын финансылык секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2019-ж. 43 261,2 млн. сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 12,7 пайызга же 4 871,1 млн. сомго көбөйдү. Ушул салыштырылып жаткан мезгилде чыгымдар 12,2 пайызга (3 744,9 млн. сомго) өсүп жана 34 493,2 млн. сомду түздү.

Экономиканын финансылык секторунун ишканаларынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү
(млн. сом)

 

Кирешелер

Чыгымдар

Сальдоштурулган финансылык жыйынтык

2018

2019

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

38 390,1

43 261,2

30 748,3

34 493,2

7 638,7

8 745,7

Банктар

31 468,7

34 304,3

26 079,2

28 510,2

5 389,8

5 794,7

Күрөөканалар

337,6

411,1

167,5

248,0

170,1

162,9

Кредиттик союздар

307,8

303,9

216,5

201,1

89,2

80,8

Микрокредиттик уюмдар

4 870,7

6 536,9

3 093,0

4 059,4

1 777,1

2 476,8

Камсыздандыруу уюмдар

1 329,4

1 636,1

1 151,8

1 440,6

177,6

195,4

Инвестициялык фонддор

8,4

8,8

2,9

2,4

5,5

5,9

Башка уюмдар

67,5

60,2

37,4

31,0

29,4

29,2

      2019-жылы финансылык секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 65,4 пайыз өлчөмүндө, чыгашалуу - 16,0 пайыз өлчөмдө аныкталды. Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунда сальдоштурулган финансылык оң жыйынтык 8 745,7 млн. сом пайда суммасында алынды, бул мурунку жылга караганда 14,5 пайызга (1 107,0 млн. сомго) көп.
     2019-жылдын аягына карата экономиканын финансылык секторунун уюмдарынын суммардык активдери бир жылдын ичинде 14,7 пайызга же 60 217,9 млн. сомго көбөйүп, 470 657,5 млн. сомду түздү. Бир жылдын ичинде милдеттенмелердин көлөмү 13,4 пайызга (же 44 804,7 млн. сомго) көбөйүп жана 378 337,2 млн. сомду түздү. Финансы секторунун уюмдарынын капиталынын наркы бир жылдын ичинде 20 пайызга же 15 413,2 млн. сомго көбөйүп, 92 320,3 млн. сомду түздү.
    Активдердин, милдеттенмелердин жана капиталдын наркынын өсүшү экономиканын финансылык секторунун банктык сегменти жана микрокредиттик уюмдар тарабынан камсыздалды.

Финансылык сектордун уюмдарынын активдери, милдеттенмелери жана капиталы
(жылдын аягына карата, млн. сом)

 

Активдер

Милдеттенмелер

Капиталы

2018

2019

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

410 439,6

470 657,5

333 532,5

378 337,2

76 907,1

92 320,3

Улуттук банк

164 415,9

190 756,1

141 202,6

161 549,3

23 213,3

29 206,8

Коммерциялык банктар

219 983,1

247 353,2

182 300,3

203 233,3

37 682,8

44 119,9

Күрөөканалар

1 101,8

1 396,5

451,0

541,0

650,8

855,5

Кредиттик союздар

1 346,0

1 369,1

462,8

425,3

883,2

943,8

Микрокредиттик уюмдар

18 915,4

24 812,5

8 294,7

11 472,3

10 620,7

13 340,2

Камсыздандыруу уюмдар

4 131,3

4 436,7

569,2

904,2

3 562,1

3 532,4

Инвестициялык фонддор

77,5

87,7

13,9

16,0

63,6

71,7

Башка уюмдар

468,6

445,6

238,0

195,8

230,6

249,8

    Финансы секторунун уюмдарынын активдердин негизги көлөмү коммерциялык банктар тарабынан түзүлдү, алардын үлүшүнө суммардык көлөмдүн 52,6 пайызы туура келди, Улуттук банк (40,5 пайызы) жана микрокредиттик уюмдар (5,3 пайызы) тарабынан түзүлдү. 
    Активдердин кирешелүүлүгүнүн эң жогорку деңгээли күрөөканаларда (13 пайыз) жана микрокредиттик уюмдарда (11,3 пайыз) байкалды.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү        |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 15.04.2020, 15:36