ПРЕСС-АНОНС: 2022-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө

Publications: 08.10.2022


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери иш-чаранын катышуучулары менен 2022-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат беришет, ошондой эле 2022-жылдын 9 айлыгынын жыйынтыгы боюнча өнөр жайдын көрсөткүчтөрү жөнүндө, 2022-жылдын 9 айлыгындагы керектөө бааларындагы жана тарифтердеги өзгөрүүлөр тууралуу, 2022-жылдын июнь-август айларындагы республикабыздын туризми жана эс алуу тармагы жана 2021-жылдагы кичи жана орточо ишкерликтин субъектилеринин ишмердүүлүгү боюнча статистикалык маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Өткөрүү убактысы: 2022-жылдын 10-октябрында саат 10.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Орозбаева Айнура Джантаевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
  • Маманова Айнура Төрөбековна – Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Текеева Люксина Айгуфовна – КР Улутстаткомдун керектөө рыногу, МБТ жана туризм статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Абдукадирова Малика Азимовна – Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун каржы статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Нурбаева Айнура Табылгановна – Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

Мындан тышкары, журналисттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалыматтарды же аларды кызыктырган маселелер боюнча консультацияларды ала алышат.

Интервью (зарыл болсо, көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма-сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.62-57-47, уюл: 0(700) 60-69-52 Махтумкули Макешов. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарыл болсо көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 08.10.2022, 13:34