Президент Садыр Жапаров эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду

Publications: 25.03.2022


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу мекендештер!

Биз саясий, экономикалык жана эл аралык мааниге ээ боло турган окуянын алдында турабыз. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, ал эми кээ бир алыскы айыл аймактарда 23-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) тарабынан 2020-жылы кезектеги эл каттоо иш-чараларын өткөрүү чечими кабыл алынган. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу мамлекеттерде эл каттоо жүргүзүлдү. Бирок биздин өлкө коронавирус пандемиясына байланыштуу аны кийинкиге жылдырууга аргасыз болгондугун билесиздер.

Эл жана турак жай фондун каттоо ишинин экономикалык жана социалдык мааниси абдан жогору. Баарыбыз билгендей, калктын демографиялык абалы дайыма өзгөрүп турат. Ага акыркы 10-15 жыл аралыгындагы ички жана тышкы миграция агымы чоң таасир этүүдө. Бул убакыттын ичинде турак жай фондунун курамында, жайгашуусунда жана сапатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Айрым турак жайлар тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксаты жок, бекитилип берилген долбоорлору жок курулду.

Ошондуктан, өлкөдөгү калктын саны, аймактарда жайгашуусу, жынысы, жаш курагы, улуту, билим деңгээли жана жашоо шарттары тууралуу чыныгы жана так маалыматтарды алуу каттоонун негизги милдети болуп саналат. Так маалыматтарды башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Эң башкысы, каттоонун жыйынтыгында алынган маалыматтар өлкөнүн жакынкы жылдардагы жана келечектеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегияларын иштеп чыгууга же тактоого негизги база болуп эсептелет. Каттоонун жыйынтыгындагы маалыматтар – бул келечек муун колдоно турган өлкө тарыхы.

Каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык иштер атайын республикалык комиссиянын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздердин көңүлүңүздөрдү эске алчу эки маселеге бура кетейин.

Биринчиси - өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык жагдай. Бул башкы маселе болуп саналат. Улуттук статистика комитети менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каттоо убагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгып, бекитилди. Каттоочулар жеке коргонуу каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалды. Андыктан алардын да, элдин да коопсуздугу көзөмөлдө деп айта алабыз.

Экинчиси – калк тарабынан берилген жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо. Эл жана турак жай фондун каттоо Кыргызстанда биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Сиздердин берген маалыматыңыздар мурункудай кагазга жазылып алынбайт, алар мобилдик тиркемеге киргизилип, анкетага толтурулуп бүткөндөн кийин, дароо Улуттук статистика комитетинин борбордук серверине жөнөтүлөт. Натыйжада каттоого берген маалыматыңыздар кагазда да, каттоочуда да калбайт. Андан кийин алар “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жалпыланган түрдө статистикалык максаттарда гана колдонулат.

Урматтуу мекендештер! 

Мен сиздерди “Кыргызстанда ар бир адам маанилүү” ураанынын алдында өтө турган эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырам. Каттоонун натыйжасында алынган маалыматтардын негизинде өлкөнүн өнүгүү багыты, демек, анын келечеги аныкталат. Каттоонун негизиндеги маалыматтар Кыргызстандын адам потенциалынын чыныгы көрүнүшүн алууга мүмкүнчүлүк берет.

Алдыда боло турган каттоого терең түшүнүү, жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарды өтүнөм.

Мен ар бириңиздердин колдооңуздарга ишенем”.


Last updating: 25.03.2022, 13:05