Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасынын өсүшүн банк сектору камсыз кылды

Publications: 14.04.2021


2020-жылы экономиканын финансы секторунда 642 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциалык банк, 600 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана үч инвестициялык фонд ишин жүргүздү.
Өткөн жылдын ичинде экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 23%га көбөйүү менен 53 миллиарддан ашык сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.
Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдарына токтолсок, 2020-жылы алар 39 млрд. сомду түздү жана 13,4%га өстү.

Экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
(млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы
чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2019

2020

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

43 261,2

53  246,3

34 493,2

39  110,5

8 745,7

14 135,8

Банктар

34 304,3

43  870,9

28 510,2

32  813,6

5 794,7

11  057,5

Күрөөканалар

411,1

448,2

248,0

312,9

162,9

135,2

Кредиттик союздар

303,9

242,7

201,1

173,9

80,8

68,8

Микрокредиттик уюмдар

6 536,9

6 880,9

4 059,4

4 314,0

2 476,8

2 566,9

Камсыздандыруу уюмдар

1 636,1

1 739,7

1 440,6

1 464,8

195,4

274,8

Инвестициялык фонддор

8,8

8,6

2,9

1,7

5,9

6,9

Башка уюмдар

60,2

55,3

31,0

29,6

29,2

25,7

Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунда сальдолоштурулган финансылык оң жыйынтык 14,1 млрд. сом суммасында пайда алынды, бул 2019-жылга караганда 1,6 эсе көп. Пайданын өсүшү, чет өлкөлүк валюталар жана кымбат металлдар менен болгон операциялар жана кайра баалоо боюнча оң курстук айырмачылыктардан банктык сектордун кирешелеринин көбөйүшү менен шартталган. Пайданын негизги көлөмү банктар (финансылык секторунун жалпы суммардык көлөмүнүн 78,2%) жана микрокредиттик уюмдар (18,2%) тарабынан алынды.
2020-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 62%дан көбүн түздү, ал эми 19%га жакын уюмдар чыгаша алды.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү        |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 14.04.2021, 16:28