Эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады

Publications: 26.04.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата абалы боюнча уйдун этине болгон баалар республика боюнча орточо 450,31 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89,11 сомго же дээрлик 25 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми койдун этинин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша, 449,67 сомду түздү же  2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү.

Муну менен бирге, уйдун этине Нарын (бир кг үчүн 460,00 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 458,56 сом), Кербен (бир кг үчүн 454,97 сом), Бишкек (бир кг үчүн 454,00 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Исфана шаарында (бир кг үчүн 409,88 сом), Покровка айылында (бир кг үчүн 420,00 сом), ошондой эле Баткен жана Ноокат (бир кг үчүн 430,00 сом) шаарларында катталды.

Койдун этине карата чекене баалар Жалал-Абад жана Исфана (бир кг үчүн 500,00 сом), Баткен (бир кг үчүн 489,90 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 470,00 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Каракол шаарында жана Покровка айылында (бир кг үчүн 420,00 сом), ошондой эле Кара-Балта (бир кг үчүн 439,92 сом) шаарында байкалды.

Уйдун этине болгон баанын өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу эң жогору Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында - 1,3 эсеге өсүшү катталды, ал эми койдун этине болгон баалар Исфана, Баткен, жана Жалал-Абад шаарларында - 1,4 эсеге өстү.

22-апрелине карата Кыргыз Республикасы боюнча эттин орточо керектөөчү баалары 
 (бир кг, сом)

 

Уйдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Койдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

361,20

450,31

89,11

348,60

449,67

101,07

Каракол ш.

350,00

437,48

87,48

307,39

420,00

112,61

Балыкчы ш.

370,00

450,00

80,00

360,00

440,00

80,00

Кербен ш.

350,00

454,97

104,97

350,00

454,97

104,97

Токтогул ш.

350,00

440,00

90,00

350,00

440,00

90,00

Жалал-Абад ш.

360,00

458,56

98,56

360,00

500,00

140,00

Чаек а., Жумгал району

350,00

450,00

100,00

350,00

446,64

96,64

Нарын ш.

360,00

460,00

100,00

360,00

455,97

95,97

Исфана ш.

334,96

409,88

74,92

350,00

500,00

150,00

Баткен ш.

350,00

430,00

80,00

350,00

489,90

139,90

Кара-Суу ш.

360,00

450,00

90,00

360,00

470,00

110,00

Ноокат ш.

330,00

430,00

100,00

350,00

450,00

100,00

Өзген ш.

350,00

450,00

100,00

360,00

460,00

100,00

Покровка а., Манас району

330,00

420,00

90,00

330,00

420,00

90,00

Талас ш.

359,94

447,26

87,32

353,98

440,00

86,02

Кара-Балта

343,20

436,64

93,44

343,20

439,92

96,72

Токмок ш.

345,00

440,00

95,00

332,47

440,00

107,53

Бишкек ш.

366,86

454,00

87,14

347,90

443,10

95,20

Ош ш.

362,47

452,48

90,01

364,97

457,43

92,46

 

 

 ___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 26.04.2021, 09:00