Курулуш материалдарга болгон баанын өсүшү уланууда

Publications: 14.05.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, орточо керектөө бааларынын ай сайын мониторингинин жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата абалы боюнча цементке болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 50 кг үчүн 306,67 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми кирпичтин баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу  1000 даана  үчүн 7 262,69 сомду түздү же 14 пайызга өстү.

Муну менен бирге, цементке Чаек айылында (50 кг үчүн 374,97 сом), Кербен (50 кг үчүн 369,46 сом), Токтогул (50 кг үчүн 356,64 сом) шаарларында максималдуу чекене баалары түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Өзгөн шаарында (50 кг үчүн 274,95 сом), Покровка айылында (50 кг үчүн 280,00 сом), Ош шаарында (50 кг үчүн 280,99 сом) жана Бишкек шаарында (50 кг үчүн 297,77 сом) катталды.

Кирпичке карата чекене баалар Токмок (1000 даана үчүн 13 228,76 сом), Нарын, Баткен, Талас (1000 даана үчүн 10 000,00 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кербен шаарында (1000 даана үчүн 2 698,15 сом), Кара-Суу шаарында (1000 даана үчүн 2 978,09 сом) жана Токтогул шаарында (1000 даана үчүн  4 500,00 сом) байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу эң жогору Кара-Балта шаарында - 22,2 пайызга жана Покровка айылында - 21,7 пайызга өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана - 30,8 пайызга жана Бишкек  шаарларында - 21,9 пайызга өстү.

  Айрым калктуу конуштарында  цементтин жана кирпичтин  орточо чекене баалары
 (50 кг, 1000 даана сом менен)

 

Цемент

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Кирпич

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

апрели

2021

апрели

2021

апрели

2021

апрели

Кыргыз Республикасы

281,93

306,67

24,74

6 370,27

7 262,69

892,43

 Каракол ш.

304,96

350,00

45,04

7 483,31

7 483,31

0,00

 Балыкчы ш.

333,10

336,54

3,43

7 000,00

7 000,00

0,00

 Кербен ш.

364,97

369,46

4,49

2 698,15

2 698,15

0,00

 Токтогул ш.

376,64

356,64

-20,00

5 000,00

4 500,00

-500,00

 Жалал-Абад ш.

250,00

300,00

50,00

7 000,00

8 000,00

1000,00

 Чаек а., Жумгал району

324,96

374,97

50,01

0,00

0,00

0,00

 Нарын ш.

324,96

350,00

25,04

10 000,00

10 000,00

0,00

  Исфана ш.

300,00

350,00

50,00

6 500,00

8 500,00

2000,00

 Баткен ш.

300,00

335,00

35,00

9 000,00

10 000,00

1000,00

  Кара-Суу ш.

278,39

331,24

52,86

2 914,01

2 978,09

64,08

 Ноокат ш.

300,00

300,00

0,00

9 500,00

9 746,79

,246,79

  Өзген ш.

274,95

274,95

0,00

5 799,14

5 799,14

0,00

  Покровка а., Манас району

230,00

280,00

50,00

0,00

0,00

0,00

 Талас ш.

298,96

342,05

43,10

10 000,00

10 000,00

0,00

  Кара-Балта

270,00

330,00

60,00

5 200,00

5 600,00

400,00

  Токмок ш.

350,00

350,00

0,00

13 228,76

13 228,76

0,00

  Бишкек ш.

272,93

297,77

24,84

5 744,56

7 000,00

1255,44

  Ош ш.

268,14

280,99

12,85

5 465,24

6 162,24

697,00


 0,00 – Товардын рынокто убактылуу жок болусу.

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 14.05.2021, 15:49