Ушул жылдын башынын бери өсүмдүк майлары, кумшекер жана картошка эң көп кымбаттады

Publications: 29.12.2020


Үстүбүздөгү жылдын башынан бери (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын жогорулоосу 13,2 пайызга жогорулады. Муну менен бирге, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 32,2 пайызга,  кумшекерге - 29,5 пайызга, картошкага - 29,0 пайызга, жаңы союлган этке - 21,9 пайызга, гречиха акшагына - 16,7 пайызга, унга - 15,8 пайызга, макарон азыктары жана башка дан азыктарына - 12,9 пайызга, тооктун жумурткасына - 12,9 пайызга, накта балга - 10,3 пайызга, ышталган балыкка - 6,3 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 5,8 пайызга, күрүчкө - 4,4 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 % пастеризацияланган, стерилизацияланган сүткө - 3,7 пайызга, нанга - 3,5 пайызга  жана сырларга - 3,3 пайызга көбүрөөк жогорулаганы белгиленди.

Ушул эле убакта, үстүбүздөгү жылдын башынан башынан бери таруунун (7,1 пайызга), жаңы бышкан жашылчалардын (6,5 пайызга), тоңдурулган балыктын (5,9 пайызга), туздалган бадыраңдын (3,6 пайызга), бисквит тортунун (2,3 пайызга), тооктун сан этинин (1,3 пайызга) жана туздалган сельддин (1,1 пайызга) баалары олуттуу төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 3,3 пайызга жогорулады. Муну менен бирге, баалар картошкага - 12,1 пайызга, малдын тоң майлары жана өсүмдүк майларына - 9,3 пайызга, пахта майына - 6,6 пайызга, күнкарама майына- 5,2 пайызга, уйдун этине - 5,7 пайызга, тооктун жумурткасына - 5,4 пайызга, накта балга - 4,2 пайызга, жылкынын этине - 3,4 пайызга, куюп сатылуучу сүткөө- 3,4 пайызга, каймакка - 2,8 пайызга, койдун этине - 2,6 пайызга, кумшекерге - 1,7 пайызга, уйдун бооруна - 1,6 пайызга жана туздалган сельдь - 0,8  пайызга баалар жогорулады. 

Муну менен катар, үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу тооктун сан этине (бир пайызга), эт экстрактына (0,7 пайызга), майлуу быштакка (0,4 пайызга) жана тузга (0,3 пайызга) баалардын төмөндөгөнү белгиленди.

 

_______________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 29.12.2020, 15:01