Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу программасын ишке ашыруунун алкагында кедейчилик маселелери боюнча тегерек үстөл болуп өттү

Publications: 20.05.2022


2022-жылдын 19-майынан 20-май аралыгында “экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын алкагында Кыргыз Республикасында кедейчилик жана адилеттүүлүк маселелери боюнча программаны ишке ашырууну илгерилетүү максатында Дүйнөлүк банктын миссиясы Бишкек шаарында болуп өттү.

Ушул Программанын расмий ишке киргизилгендигине байланыштуу, Улутстатком Дүйнөлүк банк жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте “аймакты өнүктүрүү үчүн маалыматтар: чакырыктар, мүмкүнчүлүктөр жана өнүгүү жолдору” темасында тегерек үстөл өткөрдү.

Тегерек үстөлдүн максаты программаны ишке ашыруунун алкагында сунушталган чаралар жөнүндө катышуучуларга маалымдоо, аймакты өнүктүрүү жаатындагы күч-аракеттерди координациялоо, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде саясатты иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды колдонуунун натыйжалуу ыкмаларын талкуулоо болуп саналат.

Тегерек үстөлдүн ишине Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, Улутстаткомдун кызматкерлери жана Дүйнөлүк банктын, ошондой эле республиканын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө Дүйнөлүк Банкка жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Эл аралык өнүктүрүү министрлигине ыраазычылык билдирип, программанын алкагында Улуттук статистика комитети тарабынан бир катар министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу жана өлкөдө аймактык өнүгүүнү жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуу үчүн мониторинг жана баалоо системасын чыңдоо үчүн “Санарип Аймак” автоматташтырылган системасын колдонуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгиледи. “Кызматташтыктын алкагында региондорду өнүктүрүүгө көзөмөл жүргүзүү тутумун автоматташтыруу, аймактык жана муниципалдык статистиканы өндүрүү менен бирге аны чечимдерди кабыл алууда пайдалануу үчүн ишенимдүү негизди түзүү керек”, - деп баса белгиледи Бактыбек Кудайбергенов.

Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары чечим кабыл алуу процессинде маалыматтарды пайдаланууну жакшыртуу боюнча практикалык кадамдарды талкуулашты.    

               

               

               

               

               

 

 

 

 

 


Last updating: 20.05.2022, 15:45