Статистика дүйнөлүк коомчулукта республикалардын интеграцияланышына өбөлгө түзөт (Кыргызстан статистикасынын 95 жылдыгына карата)

Publications: 23.04.2021


Быйылкы жылы Кыргызстандын статистикасы өзүнүн 95 жылдыгын белгилейт. Мамлекеттик статистиканын түзүлгөн тарыхы, 1926-жылдын 26- апрелинде Кара-Кыргыз аймактык революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен алар экономикалык жана социалдык маалыматтарды чогултуу жана иштетүү боюнча системалык ишмердүүлүктү баштоого жол салган биринчи статистикалык уюмдар түзүлгөн өткөн кылымдын алыскы жыйырманчы жылдарына барып такалат.

Мамлекеттик статистиканын алгачкы жылдарындагы негизги окуялар болуп 1926-жылы Бүткүл Союздук калк каттоосун, 1927-жылы Бүткүл Союздук мектеп каттоосун, 1927-жылы айыл чарбасынын тандалма каттоосун өткөрүүлөргө катышуусу болуп калды, анын жыйынтыктары боюнча айрым аймактык түзүлүштөрдүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн таблицалары, 1928-жылы совхоздордун жана колхоздордун жалпы каттоосу, ошондой эле ал мезгилде республикадагы товар өндүрүүчүлөрдүн негизги бөлүгү алардан турган, чакан жана кол өнөрчүлүк өнөр жай ишканаларын 1929-жылдагы каттоосу биринчи жолу жарыяланып чыккан.

Республикабыздын мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери анын өнүгүүсүнүн бардык этаптарында биздин мамлекеттин көптөгөн маанилүү маселелерин ийгиликтүү чечүүдө чоң салымдарын кошушкан. Бирок, эгемендүүлүк жылдарындагы мамлекеттик статистиканын түп-тамырынан бери реформаланышы, статистиктердин алдына көз карандысыз мамлекеттин статусуна жооп берген улуттук статистика тутумун түзүү боюнча жаңы сапаттуу милдеттерди койду.

Азыркы учурда Кыргызстандын улуттук статистикасы заманбап статистикалык тутумдардын бардык милдеттүү атрибуттарына ээ: мыйзамдар, статистика тармактары, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген статистикалык методологиясы бар, бул республиканын дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышына өбөлгө түзөт.

Акыркы маанилүү окуялардын бири болуп 2019-жылдын июлунда "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы болду. Мыйзамдын негизине: көз карандысыздык, объективдүүлүк, жалпы жеткиликтүүлүк, илим-билим, кесиптик стандарттар жана этика, купуялуулук, координация, эл аралык стандарттарды колдонуу, эл аралык кызматташуу сыяктуу расмий статистика жаатындагы БУУнун негиздөөчү принциптери коюлду.

Улуттук статистиканын статистикалык көрсөткүчтөрүнө жетүү мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди. Улуттук статистика комитетинин статистикалык жыйнактарында жарыяланган жана расмий сайтына жайгаштырылган маалыматтарына бардык кызыкдар колдонуучулар кайрыла алышат, анын колдонуучуларынын саны биздин өлкөбүздүн колдонуучуларынын арасында дагы, чет өлкөлүк колдонуучулардын арасында дагы туруктуу өсүп жатат. Мунун бардыгы статистикага болгон ишенимдин өсүп жатканы тууралуу күбөлөндүрүп турат.

Улутстатком Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык Статистика Комитети, Евразия Экономикалык Комиссиясы, Дүйнөлүк Банк, Европа Бирлигинин Статистика кызматы, Эл аралык Валюта Фонду, Европа Экономикалык Комиссиясы, БУУнун Калк Фонду, БУУнун Балдар Фонду, Эл аралык эмгек уюму жана башка көптөгөн мамлекеттер аралык жана эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташат.

Статистика жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети камсыз кылат. Азыркы учурда анын түзүмүндө жети башкармалык жана беш бөлүм бар, ал эми борбордук аппаратта иштегендердин саны 112 адамды, алардын 90 пайызга жакынын аялдар түзөт.

Учурда Улутстаткомдун алдына Кыргыз Республикасынын Эл жана турак жай фондун каттоону ийгиликтүү өткөрүү, улуттук статистика тутумун санариптештирүү боюнча иштер, анын ичинде статистикалык маалыматтарды электрондук түрдө чогултууга өтүү боюнча мселелер коюлду.

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625662, 625559 | e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625662, 625559 |


Last updating: 23.04.2021, 15:27