2020-жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу кедейчилик шарттарында жашаган

Publications: 11.06.2021


2020-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 35 268 сомду, эң төмөнкүсү – 19 774  сомду түздү.

2020-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн. 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган.

Жашаган жери боюнча кедейчиликтин деңгээли

(калктын жалпы санына карата пайыз менен)

2020-жылы кедейчиликтин деңгээли Ош ш. (6 пайыздык пунктка) жана Талас (0,8 пайыздык пунктка) облусунда мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Калган региондордо кедейчиликтин деңгээли өскөн, анын ичинде Жалал-Абад облусунда (10,3 пайыздык пунктка), Нарын (8,7 пайыздык пунктка), Чүй (6,3 пайыздык пунктка), Ош (4,8 пайыздык пунктка), Ысык-Көл (3,5 пайыздык пунктка) жана Баткен (2,1 пайыздык пунктка) облустарында, ошондой эле Бишкек (4,9 пайыздык пунктка) шаарында.

Аймактар боюнча кедейчиликтин деңгээли

(калктын жалпы санына карата пайыз менен)

 

2016

2017

2018

2019

2020

Кыргыз Республикасы

25,4

25,6

22,4

20,1

25,3

Баткен облусу

37,0

40,5

33,8

32,6

34,7

Жалал-Абад облусу

32,2

32,6

32,2

26,9

37,2

Ысык-Көл облусу

24,7

24,2

21,5

24,4

27,9

Нарын облусу

37,8

29,2

30,6

28,1

36,8

Ош облусу

22,0

14,3

14,8

14,0

18,8

Талас облусу

18,1

20,7

22,1

13,3

12,5

Чүй облусу

30,3

33,3

15,6

19,1

25,4

Бишкек ш.

9,8

15,9

15,4

11,9

16,8

Ош ш.

24,6

33,5

35,5

20,7

14,7

Кедейлердин жалпы санынын 58 пайыздан көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.

2020-жылдагы кедейлердин санынын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү

 

2020-жылы 0-17 жаш курагындагы 833,9 миң бала же ушул курактагы балдардын 31,8 пайызы кедейчилик шартында жашаган.

Балдар кедейчилигинин деңгээли, аймактар боюнча

(0-17 жаштагы калктын санына пайыз менен)

_______________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмү    |    e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 11.06.2021, 16:17