Үстүбүздөгү жылдын апрелинде, «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, мекендин өндүрүшүнүн көлөмүнүн бир аз өсүшү белгиленди

Publications: 12.05.2021


Бүгүн, ү.ж. 12-майында, Улутстаткомдо 2021-жылдын январь-апрелинде республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын  январь-апрелинде Ички дүң продукт, алдын ала баалоо боюнча, 166,1 миллиард сомду түздү жана 2020-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3,8 пайызга азайды.

Үстүбүздөгү жылдын  январь-апрелинде «Кумтөр» кен казуу боюнча ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 148 миллиарддан ашык  сомду түздү жана 1,1 пайызга көбөйдү.    

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2021-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 98 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу химиялык продуктулардын (33,0 пайызга), негизги металлдардын жана машина жана жабдуулардан башка, даяр металл буюмдар (31,5 пайызга), фармацевтикалык продукция (30,5 пайызга), ошондой эле пайдалуу кен казуу өндүрүшүнүн (9,8 пайызга) кыскаруусунун эсебинен 12,0 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта терс тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн төмөндөшү 17,0 пайызды түздү, ал эми айыл чарбасынын көлөмү, тескерисинче, 1,0 пайызга, дүң жана чекене сооданын көлөмүнүн - 2,8 пайызга өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 4,0 пайызды түздү. Муну менен бирге,  алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар 6,2 пайызга, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга - 5,5 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 2,6 пайызга, калкка көрсөтүлө турган кызматтарга  тарифтер 0,9 пайызга өстү.

Ушул мезгилдин ичинде баалар кумшекерге - 22,1 пайызга, картошкага - 21,4 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларга - 15,0 пайызга, тооктун жумурткасына - 14,4 пайызга, жаңы жашылчаларга - 12,6 пайызга, жаңы жемиштерге - 5,0 пайызга, жаңы этке - 4,1 пайызга, бышырылган азыктар - 2,9 пайызга, нанга - 2,6 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө баалары жана тарифтери (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында жогорулоосу байкалды. Ошол эле учурда, баалардын максималдуу өсүшү (6,1 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (7,2 пайызга) көбүрөөк жогорулашы менен шартталган.

2021-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,4 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,9 пайызга төмөндөдү, муну менен бирге, экспорттук жөнөтүүлөр 8,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр - 1,5 пайызга төмөндөдү.

2021-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 674 млн АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү. Ошол эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр 10,2 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 9,4 пайызга азайды.

2021-жылдын январь-мартында республиканын ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,6 пайыз) жана Казакстанга (29,5 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                        Экспорт

https://lh4.googleusercontent.com/YZo64tfY6H8Nnk2kZMLcS9VKMstrLHPl7L5MZ9rg3oZZORYWZoFsXd-LvHlPePNqGhupsmg_LMLEEjASlomja8J4Z3ol2degeNrTCOoh91gnQ8My9tZEibpNHHz6qVa-B9SLH6o

Туз эфир: https://www.facebook.com/statcom.kg/videos/675249329924132

Презентациялар:• 2020-жылда Кыргыз Республикасындагы ички миграция.

 • 2020-жылда коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишмердигинин көрсөткүчтөрү

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625662, 625559 |


Last updating: 12.05.2021, 14:40