Кыргызстандын жети миллионунчу жараны төрөлдү

Publications: 19.10.2022


 

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн эркек балага Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым ыйгарды. Ал 2022-жылдын 19-октябрында түнкү саат 2ден 10 минута өткөндө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Абдурасуловдордун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Ымыркайдын салмагы 3 900 грамм, бою 54 сантиметр, баланын ден соолугу жакшы. Апасы Сыраждинова Айжаркын да өзүн жакшы сезүүдө. Жакшылык үй-бүлөнүн төртүнчү баласы.     

Кыргыз Республикасынын 7 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө байланыштуу Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, Иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Иш-чаралардын планына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрынан тартып, Улутстаткомго жумалык негизде катталган төрөлүүлөрдүн, өлүмдөрдүн жана миграциянын саны тууралуу ыкчам маалыматтарды берип турду.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Улутстаткомдун дарегине республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын бардык төрөт бөлүмдөрүндө төрөлгөн ымыркайлардын күнүмдүк эсеби тууралуу маалыматтар берилип жатты.

Улутстатком алынган маалыматтардын негизинде республиканын жети миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептеп чыкты.

Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу тургуну Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу тургуну Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда Бишкек шаарында, төрт миллионунчу тургуну Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.


Last updating: 19.10.2022, 16:15