Улутстаткомдо расмий статистиканын сапатын камсыздоо системасын ишке киргизүү боюнча Жол картасынын долбоору талкууланды

Publications: 28.12.2021


Улутстатком видео-конференция режиминде бир катар министрликтер менен ведомстволордун катышуусу менен семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө жол картанын түзүмү жана негизги жоболору, ЕСтин шаблондун мазмунуна карата сунуштары, сапатты камсыздоо системасын киргизүү боюнча милдеттери, аларды ишке ашыруу үчүн пландаштырылган иш-чаралар каралган. Жол картанын долбоору республикадагы расмий статистиканын сапатын камсыз кылуу системасын Европалык статистикалык системанын базалык принциптери боюнча БУУнун жетекчилигинин сунуштарына ылайык борбордук башкаруу элементи катары түзүү боюнча мындан аркы ишти негиз кылып алышы мүмкүн.

                                                                      

 

                                                         

 

                                            


Last updating: 28.12.2021, 16:38