Улутстаткомдо Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Publications: 26.02.2018


2018-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Расмий жолугушуунун Кыргыз тарабына Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев башчылык кылды.

2018-жыл башталгандан тартып Норвегиянын Борбордук статистика бюросу (НБСБ) жана КР Улутстатком кийинки үч жылга кызматташуунун 4-фазасын иштетип башташты. НБСБ жана КР Улутстатком кызматташуусунун 4-фазасын иштетүүдө, кызматташуу боюнча негизги өнөктөштөр болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жана Норвегиянын картографиялык ведомствосу (НКВ) менен өз ара тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Кызматташуу үчүн каражаттарды гранттык негизде бөлүп берген, эки тараптык кызматташуунун донору болуп Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги чыкты.   

Кызматташуунун 4-фазасын иштетүү пландарын талкуулоо үчүн 2018-жылдын 23-февралында Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле  КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жана Норвегиянын картографиялык ведомствосунун (НКВ) өкүлдөрү КР Улутстаткомунда жолугушуу өткөрүштү. Кызматташуунун 4-фазасынын чегиндеги иш чаралар «Таза Коом» программасынын иш чаралары менен тыгыз байланыштуу экендигин жана электрондук өкмөт боюнча демилгелерди андан ары өнүктүрүүгө салым кошууга чакырылгандыгы Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан белгиленди. Жолугушууда кызматташуунун 4-фазасы КР Улутстаткомунун жана   КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) ортосундагы ведомстволор аралык кызматташууну да жакшыртууга чакырылгандыгы белгиленди.

Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын төмөнкү жактар көрсөттү:

  1. Оле Бъерной – Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Норвегиянын элчиси;  
  2. Хелен Санд Андерсен – Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Норвегиянын ТИМ бөлүмүнүн башчысы;  
  3. Эллен Сти – Норвегиянын ТИМде НБСБнын байланыш жагы;
  4. Айжан Чыныбаева –Норвегиянын КРдеги ардактуу консулу.  


Last updating: 27.02.2018, 15:54