Өнөр жайда өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда

Publications: 14.03.2016


2016-жылдын январь-февралында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 26,5 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 34,8 пайызга төмөндөдү, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда төмөндөө 4,2 пайызды түздү.

Өнөр жайдагы түшүүнүн негизги себептери баалуу металлдарды (56,5 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктуларды (40 пайызга) өндүрүүнүн, текстиль өндүрүшүнүн (66,8 пайызга), кийимдерди (34,9 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн олуттуу кыскарышы болуп саналды. Электр энергия өндүрүү, аны берүү жана бөлүштүрүүнүн көлөмү 10,6 пайызга кыскарды.

Муну менен бирге жылдын башынан бери мунайзатты 2,2 эсеге жана металл кендерин – 1,6 эсеге казуунун көбөйүүсүнүн эсебинен пайдалуу кендерди казуунун өсүүсү белгиленди.

 

___________________________________________________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын         e-mail anurbaeva@stat.kg   тел. + 996 (312) 664044         
өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 14.03.2016, 14:00