Республикада күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон чекене баа өсүүдө

Publications: 05.08.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензинине жана дизель күйүүчү майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын июль айына карата абалы боюнча АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 53,32 сомду түзгөнүн жана 2020-ж. июль айына салыштырмалуу орточо чекене баа 1,6 эсеге жогорулады, ал эми дизелдик отундун баасы литр үчүн 48,11 сомду түздү жана дээрлик 1,4 эсеге өстү.

Муну менен бирге, АИ-92 бензинине чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (бир литр үчүн 57,75 сом), Баткен (бир литр үчүн 57,12 сом), жана Ноокат (бир литр үчүн 56,10) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок (бир литр үчүн 51,46 сом), Нарын (бир литр үчүн 51,63 сом), жана Талас (бир литр үчүн 51,69 сом) шаарларында катталды.

Бензинге болгон баалар мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Покровка айылында жана Жалал-Абад шаарында 75,3 пайызга, ошондой эле Токмок шаарында 73,6 пайызга катталган.

Муну менен катар, дизелдик отунга чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Ноокат (бир литр үчүн 51,55 сом), Баткен (бир литр үчүн 51,16 сом), жана Кара-Суу (бир литр үчүн 50,14 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок шаарында (бир литр үчүн 45,86 сом), Нарын шаарында (бир литр үчүн 46,24 сом ), жана Чаек айылында (бир литр үчүн 45,92 сом) байкалды.

Дизелдик отунга болгон баалардын 2020-ж. июль айына салыштырмалуу эң жогору Покровка айылында - 43,3 пайызга, Ноокат шаарында - 49,9 пайызга жана Талас шаарында - 45,7 пайызга өскөнү катталды.

Июль айында айрым калк жашоочу пункттарда күйүүчү-майлоочу материалдарга карата орточо чекене баалар

(бир литри, сом)

 

Бензин АИ-92

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Дизелдик отун

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

 

2020

2021

 

2021

2021

 

  Кыргыз Республикасы

32,55

53,32

20,77

35,35

48,11

12,76

 

  Каракол ш.

32,54

51,90

19,36

35,34

46,53

11,19

 

  Балыкчы ш.

31,74

52,02

20,28

34,53

46,68

12,15

 

  Кербен ш.

32,39

54,83

22,44

35,25

49,90

14,65

 

  Токтогул ш.

32,03

52,63

20,60

34,33

47,28

12,95

 

  Жалал-Абад ш.

30,68

53,79

23,11

33,52

47,74

14,22

 

  Чаек а., Жумгал району

33,90

52,04

18,14

36,90

45,92

9,02

 

  Нарын ш.

31,55

51,63

20,08

35,70

46,24

10,54

 

  Исфана ш.

33,87

57,75

23,88

35,77

50,82

15,05

 

  Баткен ш.

35,23

57,12

21,89

37,90

51,16

13,26

 

  Кара-Суу ш.

33,90

54,94

21,04

36,50

50,14

13,64

 

  Ноокат ш.

33,23

56,10

22,88

34,40

51,55

17,15

 

  Өзгөн ш.

33,30

55,35

22,05

36,43

49,69

13,26

 

  Покровка а., Манас району

29,90

52,43

22,53

32,90

47,16

14,26

 

  Талас ш.

30,29

51,69

21,40

32,15

46,84

14,69

 

  Кара-Балта

31,35

52,56

21,20

33,78

47,62

13,83

 

  Токмок ш.

29,64

51,46

21,83

32,62

45,86

13,24

 

  Бишкек ш.

32,73

52,87

20,14

35,62

47,89

12,26

 

  Ош ш.

33,89

55,29

21,40

36,46

49,96

13,51

 

                       

 

 

(-) – Товар байкоого алынбайт.

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 05.08.2021, 16:56