Үстүбүздөгү жылдын январь-августундагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды

Publications: 12.09.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-августунда өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,0% жогорулоо менен 506 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 468 млрд. ашык сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,1% көбөйдү.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 12,9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-августунда тескерисинче 7,7% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-авгутуна салыштырмалуу 3,9% өстү (2021-жылдын январь-июлунда 6,1% өскөн).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди (46,1%), бул өткөн жылдын деңгээлинде сакталды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ушул аралыкта 1,4 пайыздык пунктка  төмөндөп жана 37,9% түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 19,5% түздү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 12,7 % түздү жана тескерисинче 1,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2022-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2022                    2022

ИДП

505 898,9

108,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

191 625,7

112,9

39,3

37,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

64 131,7

108,5

14,2

12,7

Өнөр жай

98 646,7

119,3

18,8

19,5

Пайдалуу кендерди казуу

12 347,5

106,3

1,7

2,4

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

71 138,6

126,6

13,7

14,1

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

13 802,2

96,5

3,0

2,7

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 358,4

90,9

0,4

0,3

Курулуш

28 847,3

103,8

6,3

5,7

Кызмат көрсөтүү тармактары

233 412,6

103,9

46,1

46,1

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

76 959,0

105,5

15,3

15,2

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

21 203,8

114,5

4,2

4,2

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

5 441,0

119,9

1,0

1,1

Маалымат жана байланыш

13 024,3

103,4

3,0

2,6

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

116 784,5

100,3

22,6

23,0

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

80 860,6

108,0

14,6

16,0

_____________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 12.09.2022, 16:04