Республиканын түштүк региондорунда статистика органдарынын иштеринин жыйынтыгы каралды

Publications: 27.01.2023


Республиканын түштүк региондорундагы статистика башкармалыктарында үстүбүздөгү жылдын 23-январынан 26-январына чейинки аралыкта Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Орозбаева Айнура Джантаевнанын катышуусу менен 2022-жылдагы иштердин жыйынтыгына арналган коллегиянын жыйындары болуп өттү.   

Коллегиянын биринчи жыйыны 23-январь күнү Баткен облусунда Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Лейлек жана Сүлүктү статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.К. Тулаевдин катышуусу менен өттү.   

Ал эми экинчи жыйын 24-январь күнү Ош шаарында Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен болуп өттү.

Жалал-Абад облусундагы жыйын 25-январь күнү Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаардык статистика бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондук статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүлдү. 

Коллегиянын акыркы жыйынтыктоочу жыйыны 26-январь күнү Ош шаарында болуп өттү.

Коллегиянын ишинин жүрүшүндө региондордогу статистика кызматтарынын өткөн жылдагы иштеринин жыйынтыктары каралып, 2023-жылга карата милдеттер аныкталды.

 


Last updating: 27.01.2023, 14:27