Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун жана эмгек жамаатынын борбор калаанын Күнүнө карата куттуктоосу

Publications: 29.04.2022


Урматтуу шаар тургундары!

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды Бишкек шаарынын күнү менен куттуктайм!

Бул ажайып майрам шаар тургундарын: шаарда төрөлүп-өскөндөрдүн, ошол эле учурда шаарга иштегени келгендердин, бардык шаардын жашоочуларын бириктирет. Бул майрам Бишкек шаары үчүн күйгөндөрдүн жана анын жаркын келечеги үчүн үзүрлүү эмгектенгендердин майрамы. Биздин сүйүктүү шаарыбызды өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигине, ошондой эле шаардын мээнеткеч тургундарынын өздөрүнүн аруу-тилектерин  жана борбор калааны ар тараптан өнүктүрүүгө белсенген кызыктуу, перпективдүү долбоорлордун жүзөөгө ашуусуна ишенебиз. Бишкек – ар бирибиздин жан-дүйнөсүндө, жүрөгүндө түнөк тапты. Бүгүн, Бишкек республикалык маанидеги шаар болуп саналат, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык борбору. Дал ушул Бишкекте жаш мамлекетибиздин тагдырындагы бурулуш окуялар жана тарыхый окуялар болуп турат.

Урматтуу шаар тургундары! Сүйүктүү шаарыбыздын Күнүнө карата биздин чын дилибизден чыккан куттуктоону кабыл алыңыздар! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт таалай жана бейпил турмуш каалайбыз. Шаарыбыз ар дайым гүлдөп-өсүп, өркүндөсүн!

 

         Урматтоо менен,

КР Улутстаткомдун Төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов жана эмгек жамааты


Last updating: 29.04.2022, 09:13