2022-жылы өтө турган Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү

Publications: 22.12.2021


Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында 2022-жылы өтө турган Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү. Ал өз сөзүндө алдыда боло турган иш-чаранын мамлекеттик маанисине басым жасоо менен катышуучулардын көңүлүн бурду.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов республикада эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев эл каттоого даярдык көрүү боюнча министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылуучу негизги иштердин Календардык планын кароого сунуштады.

Отурумдун жыйынтыгы менен Календардык планда белгиленген бардык багыттарды, максаттарды өз убагында сапаттуу аткаруу чечими катышуучулар тарабынан бекитилди.

    

    

    

    

 

 

 


Last updating: 23.12.2021, 09:50