Мал чарба продукциясын өндүрүүнүн көбөйүшү, малдын башынын өсүүсү менен шартталды
Publications: 13.11.2015
2015-жылдын январь-октябрында мурунку жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында союулуучу мал жана канаттууларды (тирүүлөй салмакта) өндүрүүнүн 2,7 пайызга, чийки сүттүн - 2,6 пайызга жана жүндүн (физикалык салмакта) – 2,3 пайызга көбөйүшү мал жана үй канаттууларынын башынын санынын өсүшү менен шартталды. Союулуучу мал жана канаттууларды (тирүүлөй салмакта) өндүрүүнүн өсүүсү жана сүт өндүрүүнүн көбөйүшү региондордун бардык чарбаларында белгиленди.
Айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясынын үлүшү 45 пайызды түздү.
_______________________________________________________________________________________________________________
Айыл чарба статистикалык башкармалыгы e-mail: m.bakachiev@ stat.kg; | тел. + 996 (312) 324621
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси