Мал чарба продукциясын өндүрүүнүн көбөйүшү, малдын башынын өсүүсү менен шартталды

Басылмалардын датасы: 13.11.2015


2015-жылдын январь-октябрында мурунку жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү өстү.

Үстүбүздөгү  жылдын январь-октябрында союулуучу мал жана канаттууларды (тирүүлөй салмакта) өндүрүүнүн 2,7 пайызга, чийки сүттүн - 2,6 пайызга жана жүндүн (физикалык салмакта) – 2,3 пайызга  көбөйүшү  мал жана үй канаттууларынын башынын санынын өсүшү менен шартталды. Союулуучу мал жана канаттууларды (тирүүлөй салмакта) өндүрүүнүн өсүүсү жана сүт өндүрүүнүн көбөйүшү региондордун бардык чарбаларында белгиленди.

Айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясынын үлүшү 45 пайызды түздү.

_______________________________________________________________________________________________________________

      Айыл чарба статистикалык  башкармалыгы        e-mail:   m.bakachiev@ stat.kg;   |    тел. + 996 (312) 324621

                                                                                   

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси


Акыркы жаңылоо: 13.11.2015, 17:35