Улутстаткомдо «Статистика атоолорунун орусча-кыргызча сөздүгүнүн» бет ачары болуп өттү

Publications: 30.12.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Төрагасы, академик Сыртбай Мусаевдин катышусунда «Статистика атоолорунун орусча-кыргызча сөздүгүнүн» бет ачары болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов ачты. Өзүнүн кириш сөзүндө  ал Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов «Статистика системасында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү» статистикалык органдардын тарыхындагы алгачкы эмгектердин бири экенин, ал статистика системасында гана эмес бардык статистика колдонуучуларынын пайдалануусуна багытталганын баса белгиледи. «Статистика органдарынын ишинин маанилүү бөлүгүн тил саясаты түзөт. Улутстатком эне тил маселесине өзгөчө маани берет, ага статистика системасындагы терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бүгүнкү бет ачар аземи далил», - деп кошумчалады Бакытбек Шокенов.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Төрагасы Сыртбай Мусаев өз сөзүндө кыргыз тили биздин улуу мурасыбыз, элибиздин улут катары аныктаган куралыбыз экенин белгиледи. «Биздин негизги максаттарыбыздын бири – кыргыз тилин бардык чөйрөдө өнүктүрүү, анын мамлекеттик кызматта кеңири колдонулушу, сый-урматка ээ болуусу, аны барктоо», - деди ал.

         

         

         

         

         

 

 

 

 

 

        


Last updating: 30.12.2021, 15:14