Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-июнь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү

Publications: 12.07.2016


Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Люксина Текеева маалымдагандай ушул жылдын январе-июнунда ички дүң продукт алдын-ала баалоо боюнча 176 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда 2,3 пайызга төмөндөдү. Муну менен бирге ИДПнын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана транспорттогу көлөмдөрдүн кыскарышы таасир этти.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ички дүң продуктунун көлөмү 2016-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйүү менен 164 миллиард сомго жакынын түздү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2016-жылдын январь-июнунда 79 миллиард сомго жакынын түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 пайызга төмөндөдү. Мурдагыдай эле өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу өлчөмдө түшүүсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн, текстиль өндүрүшүнүн жана курулуш материалдарынын кыскарышы менен шартталды.

Керектөө бааларга токтоло кетсек ү.ж. январь-июнунда жалпысынан керектөө бааларынын 1,8 пайызга төмөндөшү байкалды, ал эми өткөн жылдын I жарым жылдыгында тескерисинче, алардын 0,2 пайызга жогорулашы белгиленди.

I жарым жылдыкта тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 4,9 пайызга төмөндөдү. Муну менен катар январь-июнда гречка акшагына болгон баалардын - 18,6 пайызга, балыкка - 2,1 пайызга, алмаларга - 27,6 пайызга, кургатылган мөмө-жемиш жана жаңгактарга - 2,5 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 2,2 пайызга, картошкага (жаңы түшүмдү эсепке алганда) - 1,7 эсеге жогорулашы катталды.

Ошондой эле ү.ж. июнунда 2015-жылдын декабры менен салыштырмалуу
азык-түлүктүк эмес товарлардын бааларынын (0,4 пайызга) төмөндөшү байкалды. Муну менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тескерисинче, 1,4 пайызга, ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 2,7 пайызга өстү.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын начальниги Римма Чиныбаева төрөлүү, өлүм, анын ичинде балдардын жана наристелердин өлүмү, күтүлүүчү жашоо узактыгы, ошондой эле калктын миграциясы маселелерине тийиштүү республикадагы демографиялык кырдаалдар жөнүндө маалымат берди.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Гульнара Джайлобаева пресс-конференциянын катышуучуларына эмгек акы, 2015-жылдагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча анын көлөмү, ошондой эле бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы боюнча маалыматтарды алуу булактары жөнүндө маалымдады.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын начальниги Гульзейнеп Мурсабекова бетачарда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын эсебинин жана 2016-ж. түшүмгө айдалган жерлерди пайдалануунун жыйынтыктары жөнүндө айтып, муну менен бирге алынган жыйынтыктар айыл өкмөт органдары тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүнүн зарыл болгон көлөмдөрүн аныктоо үчүн маалыматтык база болуп саналарын белгиледи.

Презентации:

Демографическая ситуация в КР в 2015г.

Заработная плата работников предприятий, учреждений и организаций в 2015г.

Итоги учета посевных площадей сельскохозяйственных культур и использования пашни в КР в 2016г.

 


 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717,

e-mail: svodnsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg; https://www.facebook.com/statcom.kg

Дареги: Фрунзе к. 374, (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

 


Last updating: 14.07.2016, 16:45