Үстүбүздөгү жылдын ноябрында керектүү бааларынын жана тарифтеринин өсүүсү жалпы республика боюнча 0,7 пайызды түздү

Publications: 11.12.2018


Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу керектүү бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча 0,7 пайызга өсүүсү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары бир пайызга жогорулады. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын ноябрында жаңы бышкан жашылчалар (16,8 пайызга), куюп сатылуучу сүт (4,8 пайызга), жумуртка (2,0 пайызга), жаңы бышкан жемиштер (1,6 пайызга) жана жогорку сорттогу ун (бир пайызга) эң көп кымбаттады. Ошол эле мезгилде, баалардын төмөндөшү картошкага - 2,1 пайызга, кумшекерге - 1,9 пайызга, гречиха акшагына - 1,2 пайызга, койдун тоң майына - 1,2 пайызга, печеньеге - 0,7 пайызга, койдун этине - 0,5 пайызга, орто дандуу күрүчкө - 0,5 пайызга белгиленди.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу баалардын жана тарифтердин жогорулашы азык-түлүк эмес товарларга - 0,8 пайызга, тамекиге - 0,7 пайызга жана алкоголдук ичимдиктерге - 0,4 пайызга байкалды. Муну менен бирге, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин бир аз (0,1 пайызга) төмөндөшү катталды, бул негизинен алардын аба жүргүнчү транспортунун кызмат күрсүтүүсүндү (8,0 пайызга), коомдук тамактанууда (0,6 пайызга), мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө (0,5 пайызга), темир жол жүргүнчү транспортунун кызмат күрсүтүүсүндү (0,4 пайызга), турак жайларды күнүмдүк күтүүдү жана оѕдоодо (0,4 пайызга) түмүндүшү менен шартталды.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленди, муну менен бирге алардын эң көп өсүүсү (1,3 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталды. Ошентип, эгер тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар (1,7 пайызга) Жалал-Абад жана Талас облустарында бир кыйла кымбаттаса, ал эми Ош облусунда алардын тескерисинче (0,5 пайызга) түмүндүшү катталды. Үстүбүздөгү жылдын ноябрында азык-түлүк эмес товарлардын баалары Нарын облусунда (0,1 пайызга), кызмат күрсөтүүлүрдүн тарифтери Ош облусунда (0,7 пайызга), Бишкек (0,3 пайызга) жана Ош (0,1 пайызга) шаарларында түмүндүдү.

_____________________________________________________________________________________________

Баалардын статистикасы бүлүмү                  |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 12.12.2018, 09:23