Евразиялык экономикалык биримдиги

 

           Бул бөлүмдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен (Россия Федерациясы, Беларусь республикасы, Казакстан республикасы,  Армения республикасы) тышкы соода ишмердигин жүргүзүүчү чарбалык субъекттер жана ишкерлер үчүн арналган маалымат жайгаштырылат. 
            Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыгы жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып, Казакстан Республикасы менен чек арадагы бажылык  администрлөө (тескөө) токтотулгандыгын эске алуу менен жана ага байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен өз ара соода көлөмдөрүн эсепке алуу, тышкы соода иш-аракеттерин жүргүзүүчү чарбалык субъекттерден керектүү статистикалык отчеттуулукту алуу жолу менен мамлекеттик статистика органдары тарабынан жүргүзүлөт.
       Бүгүнкү күнгө керектүү статистикалык инструментарийлер иштелип чыкты жана тийиштүү даярдык иштери жүргүзүлүп жатат. Статистикалык отчеттуулуктун сунушталган формаларын басып чыгаруу үчүн колдонууга болот. №1-"Өз ара соода" формасы боюнча статистикалык отчеттуулук, ай сайын отчеттук айдын 20 числосунан кечикпей аймактык мамлекеттик статистика органдарына берилет. Статистикалык отчеттуулуктун көрсөтүлгөн формасы Евразия экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттер: Россия Федерациясы, Беларусь республикасы, Казакстан республикасы, Армения республикасы менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүчү чарбалык субъекттер тарабынан берилет.

            Статистикалык маалымат берүүгө байланыштуу иштерди камсыз кылуу үчүн керектүү ченемдик-укуктук документтердин, ошондой эле статистикалык инструментарийлердин тизмеси төмөндө тиркелет: 

Методология:

1. ЕАЭБ ге мүчө-мамлекеттер менен товарлардын өз ара соодасы боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдү түзүү методикасы 

2.  “ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен товарлардын өз ара соодасы жөнүндө отчету” отчетунун толтуруу боюнча аймактык мамлекеттик статистика органдары үчүн Эскертме  

3. № 1-өз ара соода "ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен товарлардын өз ара соодасы жөнүндө отчету” мамлекеттик статистикалык отчеттуулугу боюнча респонденттер жана аймактык мамлекеттик статистика органдары үчүн колдонмо

Классификаторлор:

1. Тышкы экономикалык ишмердууктун товардык номенклатурасы (ТЭ ИТН)  

2. Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору

3. Валюталардын мамлекеттер аралык классификатору

4. Өлчөө бирдиктеринин классификатору 

5. Транспорт жана товарларды транспортировкалоонун түрлөрүнүн классификатору

6. Жеткирип берүү шарттарынын классификатору

7. Товарлардын жылып жүрүү өзгөчөлүктөрүнүн классификатору

8. Аймактардын маалымдамасы 1-1-тиркеме 

Отчеттуулук:

1. Мамлекеттик статистикалык байкоо Нуск. 1-өз ара статистикалык формасын толтуруу боюнча Нускама

2.  № 1 формасы – өз ара соода ф.№1-өз ара соода.docx Ф.№1-өз ара соода

 

 

БАЙЛАНЫШТАР Суроолор жаралса, тийиштүү аймактык мамлекеттик статистика органдарына, же Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун соода статистикасы башкармалыгына, начальниги Текеева Люксина Айгуфовна  тел. +996 (312) 32 46 50   Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун БЭБ тышкы соода статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмүнө, башчысы Акматова Анаркул Курманбековнага тел. +996 (312) 32 46 39  кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

 

ШИЛТЕМЕЛЕР  Евразия экономикалык биримдиги

 

 

           

 

Акыркы жаңылоо: 09.02.2022, 10:29