Расмий статистиканын сапаты

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий статистикалык маалыматтарды чыгаруунун сапатына өзүнүн милдеттенмесин билдирет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Расмий статистиканын сапатын камсыздоонун улуттук базалык принциптери боюнча колдонмосуна (БУУ СКУБП) ылайык, эл аралык эксперттердин техникалык колдоосу менен Улуттук статистикалык комитет:
- сапат чөйрөсүндө декларацияны жана саясатты иштеп чыгат;
—Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн типтүү моделин (СМӨТМ) жана анын бардык кичи процесстер үчүн конкреттүү сыпаттамаларын колдонуу менен статистикалык процесстерди аткарат;
- Бирдиктүү интеграцияланган метамаалыматтар структурасынын (БИМС) түзүмүнүн негизинде расмий статистиканы чыгаруунун сапаты жөнүндө метамаалыматтардын жана отчеттордун системасын түзөт.

 

2021-2022-жылдарга статистикалык маалымат менен колдонуучулардын канааттануусу боюнча интерактивдүү сурамжылоонун жыйынтыгы
Акыркы жаңылоо: 28.02.2024, 16:04