10- ноябрда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 09.11.2016


Эртең, 2016-жылдын 10-ноябрында, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2016-жылдын январь-октябрында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары;
  • Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал;
  • 2015-жылы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө;
  • 2015-жылы ишканалардын чет элдик инвестициялар менен ишмердиги жөнүндө.

Чыгып сүйлөөчүлөр:

  • Турдубаева Чинара Сейтказиевна – Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалымат таратуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Чыныбаева Римма Кубанычбековна – Эмгек рыногу жана социалдык-демографиялык статистика башкармалыгынын башчысы;
  •  Орозбаева Каныкей Джантаевна – Айлана-чөйрө жана туруктуу өнүктүрүү статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Абельдиева Элнура Камчибековна – Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 09.11.2016, 08:51