12 - сентябрда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 08.09.2017


 2017-жылы 12-сентябрда эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2017-жылдын январ-августунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2016-жылда Кыргыз Республикасында эмгек рыногунун абалы жөнүндө;
  • Акыркы 5 жылда Кыргыз Республикасында рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүүсү.

Чыгып сүйлөөчүлөр:

  • Исенкулова Эльвира Казакбаевна – Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы;
  • Шакенова Айнур Макеевна – Демографиялык статистика жана эмгек рыногу бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Абдылдаева Турсункан Кадыркуловна – Керектөө рыногунун статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

 

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).


Акыркы жаңылоо: 08.09.2017, 09:32