Микрокредит алуучулардын санынын 20 пайыздан ашыгы Ош облусуна туура келди

Басылмалардын датасы: 20.11.2023


2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд. сомго жакын суммада кредиттер берилди, аны алуучулардын саны 533 миң адамдан ашты. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 12%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29%га көбөйдү.

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 20%дан ашыгы) жана Жалал-Абад облустарына (17%дан ашык), ошондой эле Бишкек ш. (16%) жана Чүй облусуна (13%) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ы), Ош (дээрлик 17%ы), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (16%дан) алуучуларына берилди.

2023-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%га жакыны - керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,  11,5%ы  - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6%ы курулушка багытталды.

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  
  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли 90,9%ды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 пайыздык пунктка төмөн.  

 

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.11.2023, 14:37