Калкка берилген микрокредиттердин 47 пайыздан ашыгы керектөө муктаждыктарына багытталган

Басылмалардын датасы: 18.11.2022


2022-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 28,5 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, аны алган алуучулардын саны 476 миң адамдан ашты. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2,9%га кыскарды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 4%га өстү.

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин берилиши 

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18,5%ы), Ош (17,4%), Чүй (16,1%) жана Жалал-Абад облустарынын (14,5%) алуучуларына берилди.

2022-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 47%дан ашыгы  керектөө муктаждыктарына, 24%га жакыны - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,  11%ы  - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 7%ы - курулушка багытталды.

 

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  
 (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2022-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка көбөйүү менен 92,9%ды түздү.  

 

Финансы статистикасы бөлүмү       |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.11.2022, 11:17