Цементтин чекене баасы бир жылдын ичинде 26 пайызга ашыкча өстү

Басылмалардын датасы: 13.08.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конуш пункттары боюнча орточо керектөө бааларынын ай сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин натыйжалары үстүбүздөгү жылдын июлунда цементке болгон чекене баалар республика боюнча орточо 50 кг үчүн 357,6 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу дээрлик 26,3 пайызга өскөнүн, ал эми кирпичтин баасы, тийиштүүлүгүнө жараша, салыштырмалуу  1000 даана үчүн 7 872 сомду түзгөнүн жана 21,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, цементке болгон максималдуу чекене баалар Кара-Балта шаарында (50 кг үчүн 409,9 сом), Нарын шаарында (50 кг үчүн 400 сом) жана Чаек айылында (50 кг үчүн 399,9 сом) түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Жалал-Абад жана Өзгөн (50 кг үчүн 300 сом), жана Ноокат (50 кг үчүн 320 сом) шаарларында катталды.

Кирпичке карата чекене баалар Токмок (1000 даана үчүн 13 228,8 сом), Талас (1000 даана үчүн 12 000 сом) жана Исфана (1000 даана үчүн 11 000 сом), шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кара-Суу  (1000 даана үчүн 2 978,1 сом), Кербен  (1000 даана үчүн 3 898,7) жана Өзгөн  (1000 даана үчүн  5 899,2 сом) шаарларында байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн айга салыштырмалуу Покровка айылында – 43,5 пайызга, Кара-Балта шаарында – 41,3 пайызга жана Ош шаарында -38,7 пайызга, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана шаарында – 1,6 пайызга, Кербен шаарында – 44,5 пайызга жана Кара-Балта шаарында – 36,4 пайызга өсүшү байкалды.

Айрым калктуу конуш пункттарында цементтин жана кирпичтин орточо чекене баалары июль айында

      (50 кг, 1000 даана үчүн сом)

 

Цемент

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Кирпич

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

283,1

357,6

74,5

6488,4

7872,0

1383,5

 Каракол ш.

315,0

350,0

35,0

7483,3

8000,0

516,7

 Балыкчы ш.

333,1

359,7

26,6

7000,0

7500,0

500,0

 Кербен ш.

359,9

396,9

37,0

2698,1

3898,7

1200,6

 Токтогул ш.

313,3

386,6

73,3

5000,0

6000,0

1000,0

 Жалал-Абад ш.

275,0

300,0

25,0

7500,0

8500,0

1000,0

 Чаек а., Жумгал району

340,0

399,9

59,9

0,0

0,0

0,0

 Нарын ш.

360,0

400,0

40,0

10000,0

10000,0

0,0

  Исфана ш.

300,0

345,0

45,0

6800,0

11000,0

4200,0

 Баткен ш.

290,0

325,0

35,0

9000,0

10000,0

1000,0

  Кара-Суу ш.

281,0

331,2

50,2

2978,1

2978,1

0,0

 Ноокат ш.

300,0

320,0

20,0

9500,0

10247,0

747,0

  Өзген ш.

275,0

300,0

25,0

5799,1

5899,2

100,0

  Покровка а., Манас району

230,0

330,0

100,0

0,0

0,0

0,0

 Талас ш.

370,0

362,3

-7,7

10000,0

12000,0

2000,0

  Кара-Балта

290,0

409,9

119,9

5500,0

7500,0

2000,0

  Токмок ш.

300,0

375,0

75,0

13228,8

13228,8

0,0

  Бишкек ш.

272,9

358,0

85,0

5870,9

7524,9

1654,0

  Ош ш.

271,4

376,5

105,1

5465,2

6899,5

1434,3


 0,00 – Рынокто товардын убактылуу жоктугу.

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.08.2021, 09:55