Республиканын туруктуу калкынын саны үстүбүздөгү жылдын январь-майында 49 миң адамга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 09.07.2015


Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2015-жылдын 1-июнуна карата баалоо боюнча 2015-жылдын январь-майына караганда 49 миң адамга же 0,8 пайызга көбөйүү менен 5 млн. 944 миң адамды түздү. Эң жогорку көрсөткүч Баткен, Ош облустарында жана Бишкек шаарында (1,0 пайыз), эң төмөнкү көрсөткүч Нарын жана Ысык-Көл облустарында (0,3-0,5 пайыз) белгиленди.

2015-жылдын январь-майында ЖААК органдарында 65,2 миң жаңы төрөлгөндөр же калктын 1000ине алганда 26,6 адам, 14,5 миң өлгөндөр же калктын 1000ине алганда 5,9 адам катталды. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 50,6 миң адамды же калктын 1000ине 20,7ни түздү.

2015-жылдын январь-майындагы калктын табигый өсүүсүнүн эң жогорку деңгээли Ош жана Баткен облустарында (калктын 1000ине алганда 25-26 адам), ал эми эң төмөнкү деңгээли Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында (калктын 1000ине алганда 13-17 адам) белгиленди.

2015-жылдын январь-майында бир жашка чейинки 1218 же тирүү төрөлгөндөрдүн 1000ине 18,7 бала өлгөн. Наристелердин өлүмүнүн негизги себептери перинаталдык мезгилде (төрөлгөндөн кийинки) пайда болгон абалдар болуп эсептелет, мындан 837 бала өлгөн же бир жашка чейинки өлгөн наристелердин жалпы санынын 69 пайызын түзөт.
Өөрчүүнүн туубаса кемтигинен 188 бала (15 пайыз), дем алуу органдарынын ооруларынан 111 бала (9 пайыз) өлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылдын январь-майында республикага туруктуу жашоо үчүн 1,6 миң адам келсе, кеткендердин саны 2,9 миң адамды түзгөн, калктын миграциялык агымы  -1,3 миң адамды түздү. Тышкы миграция боюнча кетүүнүн эң жогорку интенсивдүүлүгү мурдагыдай эле Чүй облусунда жана Бишкек шаарында (тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң тургунга 11 жана 9 адам) байкалды, бул кетүүнүн орточо республикалык деңгээлинен бир топ жогору (10 миң тургунга 5 адам).


Акыркы жаңылоо: 10.07.2015, 10:04