2022-жылы эс алгандардын саны мурунку жылдагы көрсөткүчтөрдөн олуттуу ашып, 2 млн. адамга жакындады

Басылмалардын датасы: 09.08.2023


Бул тууралуу жаңы басылып чыккан “Кыргыз Республикасындагы туризм” статистикалык жыйнагындагы маалыматтар  күбөлөндүрөт.

2022-жылдагы эс алуучулардын саны 2 млн. адамга жакындады, бул 2021-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп, анын ичинде туризмдин уюштурулган секторунда эс алуучулардын саны 1 млн. адамдан (1,7 эсеге көп).

Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, мында 2022-жылы 1 434 эс алуу мекемелери жана туризм уюмдары, конок үйлөрү туристтерди кабыл алышкан жана тейлешкен. Облустагы туризмдин уюштурулган секторунда эс алгандардын саны 314 миң адамга жакындады, бул 2021-жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге көп. Мындан тышкары, 2022-жылы Ысык-Көл облусунун курорттук зоналарындагы уюштурулбаган секторлордо (конок үйлөрү жана үй чарбалар) 0,8 млн. адам эс алган, бул 1,2 эсеге көп.

2022-жылы туристтик фирмалар аркылуу 14,3 миң турист жөнөтүлгөн, анын 79 пайызы Кыргызстандын жарандары болуп саналышат, ал эми 21 пайызы – Кыргызстанда саякаттаган башка өлкөлөрдүн жарандары.

2022-жылы туризм чөйрөсүндөгү кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 35 млрд. сомго жакын өлчөмдө түзүлүп, ИДПга карата 3,6 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2022-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн чет өлкөлүк жарандарынын (жарандыгы болгон өлкөлөр боюнча) саны 7 миллиондон ашкан. Чек арадан өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) негизги саны Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын жарандарына туура келген.  

Жыйнактын электрондук версиясын Улутстаткомдун расмий сайтынан (www.stat.kg) “Басылмалар” бөлүмүнөн таанышсаңыз болот http://www.stat.kg/kg/publications/sbornik-turizm-v-kyrgyzstane/

 

Керектөө рыногу, маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы   (e-mail; ltekeeva@stat.kg;/ тел.+996 (312) 324 725, 324 918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.08.2023, 15:03