Чүй облусунда жана Бишкек шаарында коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны республикалык орточо көрсөткүчтөн 2 эсеге ашты

Басылмалардын датасы: 23.08.2021


Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменттин маалыматы боюнча 2021-жылдын 6 айында пневмониядан 288 адам көз жумду, бул өлүмдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынын 36 пайызын түздү. Пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине алганда 9 өлгөн адамды түзгөн, бул өткөн жылдын деңгээлинде калды.

Пневмониядан болгон өлүм Чүй (калктын 100 миңине 14 адам) жана Баткен (11 адам) облустарында, ошондой эле Нарын жана Жалал Абад (калктын 100 миңине 10 адамдан) облустарында орточо республикалык көрсөткүчтөн көбүрөөк жогорулганы белгиленди.

2021-жылдын 6 айында 871 адам коронавирус инфекциясынан (COVID-19) көз жумган, ал эми өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 23 адам каза болгон. Мүмкүн, 2021-жылдын январь-июнунда коронавирус инфекциясынан болгон өлүмдүн кескин өсүшү, өткөн жылы өлүмдү каттоо учурлары май айынан тарта башталышына байланыштуулугу менен шартталган. Лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 - 462 каза болгондордон, клиникалык-эпидемиялык жактан тастыкталган COVID-19 - 409 каза болгондордон аныкталган. Коронавирус инфекциясынан калктын 100 миңине 26 өлгөн адам туура келди.

Коронавирус инфекциясынан болгон өлүмдүн республикалык орточо көрсөткүчүнүн деңгээли Чүй облусунда (калктын 100 миңине 54 адам) жана Бишкек шаарында (53 адам), ошондой эле Ысык-Көл (39 адам) жана Нарын (калктын 100 миңине 29 адам) облустарында ашты.

2021-жылдын январь-июнунда аймактар боюнча пневмониядан жана коронавирус инфекциясынан
(COVID-19) өлгөндөрдүн саны

 (калктын 100 миңине)     

______________________________

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 


Акыркы жаңылоо: 02.09.2021, 15:18