Республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти 99 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер ишке ашырды

Басылмалардын датасы: 13.11.2015


2015-жылдын 1-октябрына карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 99 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 7,1 пайызга көп, анын ичинен 10,1 миң субъекттер же 10,2 пайызы рекреация жана эс алуу жаатындагы кызматтарды көрсөтөт.

Туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкердик ишмердиги менен жеке жактардын 87 миңден ашыгы же катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 88 пайызга жакыны алектенди. 

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 13269,5 млн. сомду же ИДПга карата 4,5 пайызга (2014-жылдын тийиштүү мезгилинде 4,8 пайыз) түзүлдү.

2015-жылдын январь-сентябрында өнөр жай ишканалары тарабынан республикадагы туризмди өнүктүрүүчү товарлар өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 68,8 пайызга көп өндүрүлүп,  1082,4 млн. сомду түздү.

Мейманканалар жана кыска мөөнөткө жашоо үчүн ылайыкталган башка жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 1960,5 млн. сомду түздү, бул 2014-ж. тийиштүү мезгилине караганда 7,6 пайызга көп.  Ресторандар жана башка тамактануу ишканалары тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү 2014-ж. январь-сентябрынын деңгээлинен 6,9 пайызга ашты жана 6360,2 млн. сомду түздү.

______________________________________________________________________________________________________________

Айлана-чөйрө жана МКТ                                   e-mail: korozbaeva@stat.kg

статистикасы бөлүмү                                           тел.: +996 (312) 32 46 91

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.11.2015, 09:31