Улутстаткомдун башчысы Балыкчы шаарынын мэри менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 25.03.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эл жана турак-жай фондун катоонун жүрүшү талкууланды.

Улутстаткомдун төрагасы баса белгилегендей, биргелешкен аракеттер менен гана бул мамлекеттик кампанияны жогорку деңгээлде өткөрүүгө болот.

Өз кезегинде Балыкчы шаарынын мэри муниципалитет шаардык статистика бөлүмүнө эл каттоону өткөрүүдө бардык жардамын көрсөтүп жаткандыгын билдирди.

Эл жана турак-жай фондун каттоо бүгүн, 2022-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында башталды.

Жер-жерлерде эл каттоонун өтүшүнүн ыкчамдуулугун камсыз кылуу жана каттоонун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана төраганын орун басарлары иш-сапар менен республиканын аймактарында жүрүшөт.

Белгилей кетчү жагдай, эл каттоо республиканын социалдык-экономикалык абалын реалдуу түрдө көрсөтөт, ар кандай багыттар боюнча мамлекеттик саясатты жүзөөгө ашырууда жаралган мүчүлүштүктөрдү аныктоого жана баалоого мүмкүнчүлүк түзөт.

             

             


Акыркы жаңылоо: 25.03.2022, 16:06