Улутстаткомдун башчысы КМШ Мамлекеттер аралык статистика комитетинин өкүлдөрү менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 28.03.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистика комитетинин төрагасы Владимир Соколин жана КМШ Мамлекеттер аралык статистика комитетинин социалдык-демографиялык статистикасы башкармалыгынын башчысы Ирина Збарская менен жолугушту.

Улутстаткомдун башчысы Бактыбек Кудайбергенов жолугушуунун катышуучуларына эл жана турак-жай фондду каттоо жөнүндө маалыматтар менен тааныштырып жатып, биринчи жолу каттоочулар каттоодо мобилдик тиркеме колдонуп жаткандыгына кеңири токтолду.

“Бардыгыбызга маалым болгондой, биздин өлкөдө азыркы тапта эл каттоо өнөктүгү жүрүп жатат. Өткөн аптада мен Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш-сапар менен болдум. Жакында башка облустарга да бараарым күтүлүп жатат. Айта кетчү жагдай, Кыргызстандагы эл каттоо өнөктүгүндө айрыкча аймактар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат”,- деди Б. Кудайбергенов жолугушуу маалында.

Өз кезегинде КМШ Мамлекеттер аралык статистика комитетинин төрагасы Владимир Соколин Кыргызстанда өткөрүлө турган каттоонун форматына жогорку баасын берип, каттоо ийгиликтүү өтөөрүнө ишеничин билдирди. “Кыргызстанда эл каттоо электрондук форматта өткөрүлүшү өлкөнүн алдыга карай кадам шилтеп жатканынан кабар берет. Мен ишенем, Кыргызстанда эл каттоо сапаттуу өтөт”, - деди В. Соколин.

            

            

 


Акыркы жаңылоо: 28.03.2022, 17:41